• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ала-Тоо Эгемендик майрамын тосуп алды

31 Баш оона 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек 31.08.2018.Govori.TV.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанат саат 10:00дө расмий ачылды. Мааракенин ачылышы КРдин мамлекеттик гимни менен башталып андан соң  Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Президент өз сөзүндө Кыргызстан 27 жыл ичинде эл аралык коомчулукта эгемендүү өлкө катары таанылып жатканын, бийлик адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет курууга аракет кылып жатканын билдирди.
Борбор калаадагы салтанатка экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана спортчулар катышты.
Президенттин куттуктоосунан кийин Улуттук Гвардиянын жоокерлери өлкөнүн туусун аянтка алып чыгышты. Сахнада Мирбек Атабековдун, Кайрат Примбердиевдин жана башка ырчылардын коштоосунда бийчилер бийле ул концерттик иш-чараны көрүүгө миңге жакын тургундар келишкен.

Количество просмотров: 25