• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

«Ала ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү камакка алынды

15 Кулжа 202015:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Ала ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды. Бул тууралуу Govori.TVга Биринчи Май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

«13-июндагы соттун токтомуна ылайык, Артур Халдаровго карата камакка алуу чарасы колдонулуп, ал 12-июлга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 жайына киргизилди», — дейт мекеменин маалымат катчысы.

Кошумчалай кетсек, Халдаров Аскердик прокуратура тарабынан радиожыштыктарды мыйзамсыз саткан деген шек менен кармалып, ага «коррупция» беренеси боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 76