Алай шайлоо округунан 5011 шайлоо тилкесиндеги электрондук урна бузулуп калган. Бул тууралуу байкоочу Сыягул Караман фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Черный ящиктен дагы толуп калып, жараксыз бюллетендер чыгарылды. Партиялардын 46 добушу өлдү деген сөз.Эл туура эмес добуш бергенде, байкуш техника какалып-чакалып, жута албай, кара жашикти жараксыз бюллетендер менен толтуруп жатат. Эртеден бери экинчи ирет», — деп жазган ал.
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Саат 16:00гө карата шайлоочулардын ичинен 829 миң 171 жаран добуш берди.