Алайда сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы туулган Н.А.нын сөөгү бүгүн саат 11:05те куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек 4-июль күнү, кечки саат 21:00 чамасында Алай районундагы Мурдаш суусуна «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада айдоочу жана 6 жашар бала болгон.