• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аламүдүн райондук «Кадастр» мекемесинин кызматкери кармалды

8 Баш оона 2022 14:26 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупциянын көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызмат адамы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жараны К.П.К.дан 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. такталган.

2022-жылдын 28-июлунда КР УКМК дарегине, белгиленген иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу боюнча К.П.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.

2022-жылдын 3-августунда «Кадастра» МИ Аламудун филиалынын административдик имаратында 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 8835