• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аламүдүн районунунда апасы эки баласы менен өрттөн каза болду

13 Бирдин айы 201910:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.02.2019. Govori.TV.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында өрттүн кесепетинен 3 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыгач устундуу пластик жабылган жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын, гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1985-жылы туулган аял киши жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. каза болду.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 29