Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы эки классташ табыла элек
Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы эки классташ табыла элек
20 Теке 20189:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Чүй облусунун Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр Медербек Кубаныч уулу менен Исламбек Назарбаев табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
2004-жылы төрөлгөн классташтар Медербек менен Исламбек Октябрь айылынын Партсъезд көчөсүндө жашашат. Алар 18-июлда болжол менен саат 07:30 чамасында үйлөрүнөн чыгып кетишкен боюнча кайра кайрылып келишкен эмес.
Медербектин өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орто денелүү, чачы кыска жана кара, көзү кара. Кийген кийимдери: «UFC» аттуу жазуусу бар кара түстөгү футболка, «Vintage» аттуу жазуусу бар көк түстөгү баш кийим, көк түстөгү кыска шым, күрөң түстөгү бут кийим, колуна кара түстөгү рюкзак көтөрүп кеткен.
Исламбектин өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орто денелүү, чачы кыска жана кара, көзү кара. Кийген кийимдери: көк түстөгү футболка, көк түстөгү кыска шым, кара түстөгү ботас, колуна кара түстөгү рюкзак көтөрүп кеткен.
Медербек Кубаныч уулу менен Исламбек Назарбаев тууралуу билгендер Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 0(312) 36-35-27, 0(700)20-96-66 , 0(550) 51-09-05 номурларына же 102 кызматына чала алышат.
«Дайынсыз жоголгон Медербек Кубаныч уулу менен Исламбек Назарбаев дос болушкан жана бир райондо жашашкан. Экөө бир жерде чогуу болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.