Саламаттык сактоо министрлиги Аламүдүн районундагы турак үйдө болгон жарылуудан жабыркагандардын абалын айтты.
Маалыматка ылайык, өспүрүм учурда шаардык балдар ооруканасында дарыланып жатат.
«Учурда 79 жаштагы аялдын абалы орточо оор. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулат. Ал эми өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 12-февралда Аламүдүн районунда турак үйдөгү газ түтүгү жарылып, бир өспүрүм каза болгон. Ошондой эле кырсыктан 79 жаштагы аял менен 16 жаштагы бала жабыркаган.