• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аламүдүндө “Хизбут-Тахрир” уюмунун көз караштарын тараткан шектүү кармалды

8 Бирдин айы 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Аламүдүндө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз караштарын тараткан шектүү кармалды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей,Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Аламүдүн районунда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир”, диний экстремисттик уюмунун көз караштарын тараткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Жогорудагы маалымат Кырмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 2021-жылдын 5-февраль күнү Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен Өзбекстандын 44 жаштагы Н.С. аттуу мурда соттолгон жараны кармалган. Анын колдонуп жүргөн телефону алынып, аны кароо учурунда социалдык түйүндөр аркылуу “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз караштарын таратып жүргөнү аныкталып, шектүү жаран бул аракеттерин толук моюнуна алган. Учурда кармалган жаран үй камагына алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 106