• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аламүдүндүн прокурорлору пара алууга шектелип кармалды

12 Жетинин айы 2020 10:36 Бишкек Govori.TV

Туруктуу түрдө пара алуу фактысы боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар дайыма пара алып жүргөнү аныкталып, экөө тең атайын кызматтын тергөө абагына отургузулду.

“Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги, өздөрү көзөмөл кылган тергөө бөлүмдөр менен сүйлөшүп алып, кылмыш иштери боюнча өтүп жаткан адамдарга тигил же бул чечим чыгарып берүү үчүн туруктуу түрдө пара алып жүргөнү аныкталды. 11-ноябрь күнү Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү менен бирге жүргүзүлгөн ыкам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун “С.Э.А.” аттуу прокурору жана анын “М.А.С.” аттуу орун басары кармалды, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Количество просмотров: 171