• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аламүдүндө жол кырсыгынан 3 өспүрүм каза болду

29 Кулжа 202312:35 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда катталган жол кырсыгында үч өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Мраморное айылында болгон.

«Тойота-Калдина» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч өспүрүм каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 235