Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан
уурулукка шектүү жаран кармалды.
2024-жылы июлда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге А.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 26-июль күнү Чүй проспектисинде жайгашкан кеңселердин биринин терезесин сындырып кирип, сейфтин ичинен 40 миң АКШ долларын жана 960 миң сомду жашыруун уурдап кетишкени айтылат.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза Кодексинин 205-бересине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран аныкталган. Ал Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык атайын кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы