• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Албаниянын мурдагы президенти кармалды

22 Тогуздун айы 20248:53 Бишкек Govori.TV

Албанияда мурдагы президент, «Эркиндик партиясынын» төрагасы Илир Мета кармалды. Бул тууралуу 21-октябрда «Азаттыктын» албан кызматы жазды жана ал коррупцияга шектелип жатканын билдирди.

Өлкөнү 2017-2022-жылдары башкарган, премьер-министр, ассамблея төрагасы жана тышкы иштер министри да болгон Мета Коррупцияга каршы атайын прокуратуранын буйругунун негизинде кармалганы кабарланууда.

Метанын басма сөз катчысы Теди Блуши прокуратуранын айыптоосун «жоопкерчиликсиздик» деп атап, бийлик «оппозициянын көзүн тазалоо» аракетин көрүп жатканын айтты.

Быйыл июнь айында да Мета прокуратурада суракта болгон. Ал жактан мүлк-байлыгы тууралуу суроолор берилгенин айткан.

Количество просмотров: 71