• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Албек Ибраимов иштен кетүү арызын жазганбы?

24 Чын куран 2018 14:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV

Азыркы учурда мэр Албек Ибримов жумуш ордунда иштеп жатат. Ал кетүү туурасында арыз жазган жок. Бул туурасында Govori.TV  сайтына мэрдин басма сөз борборунан Калперизат Айдарбекова билдирди.

«Арыз жазды деген маалымат туура эмес. Азыркы учурда 29-апрелде өтүүчү шаардын 140 жылдыгына карата даярданып жатабыз» -дейт Айдарбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн 24-апрелде ЖМКлар мэр Албек Ибраимовдун жумуштан кетүү туурасында арыз жазганын жана ал 29-апрелде өтө турган Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесинен кийин кете турганын жазып чыгышты.

Количество просмотров: 5