• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Албек Ибраимовду колдогондор нааразылык билдирип чыгышты

17 Аяк оона 2018 10:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык сотунун жанында калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовду колдогон 50-60 адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар сот отурумун жабык өткөрүүгө каршы болуп жатышат.
Албек Ибраимовдун иши Бишкек шаардык сотунда 17-сентябрда саат 10:00дө башталмак. Анын жактоочулары отурум башталар алдында нааразылык митингине чогулушкан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокаты Сергей Слесарев буга каршы шаардык сотко арызданган. 12-сентябрга белгиленген соттук жараян болбой калган. Слесарев билдиргендей, ишти караган соттук коллегия жараянды жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага адвокат гана киргизиле турганын уккан Ибраимовдун тарапкерлери нааразы болушуп, актоочуну залга киргизбей коюшкан эле.
Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, ал «Дастан” ишканасын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат.
Албек Ибраимов быйыл 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.
Количество просмотров: 43