• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Албек Ибраимовдун аудиосу: УКМК текшерүүгө алат, жактоочу тарап “мыйзамсыз” деди…

23 Теке 2018 14:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018. Govori.TV
Бир катар кылмыш иштерине айыпталып, камакка алынган Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдуго бүгүн УКМК тарабынан 4-кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Анда ал Бишкек шаарынын муниципиалдык менчик жерлерин коорупциялык жолдор менен мыйзамсыз сатууга аралашканы айтылат.
Ал арада социалдык тармактарда Албек Ибраимовдун үнүнө окшош үн жазылган аудио тасма тарады. Анда “Бара турган деле жерим жок, анданкөрө мага ушул жерден өлүп калганым честь… Коррупция менен камалганча киши өлтүрүп камалсаң азыраак отурасың… Булар (бийлик)деген азыр только күч менен элден коркот… Тээтиги вышкага снайперди коюп коем да, бирөө келсе бастырып таштайм…” сыяктуу айткандары бар.
Бул боюнча, УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратып, анда жазылып алынган тасма аталган коопсуздук органына тиешелүү эмес экендигин, ал боюнча иликтөө башталганын, кайдан, ким тарабынан кандай максаттар тартылып алынганы жана жарыяланганы боюнча такталаарын билдирди.
Ошол эле маалда Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев бул тасманы таратуу мыйзамсыз экенин айтып чыкты. “Мен мындай нерселердин коомчулукка жарыяланышын туура эмес деп эсептейм. Анткен анын булагы белгисиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы да мыйзам боюнча мындай нерселерден алыс болушу керек. Бул Албек Ибраимовдун кадыр-баркын, аброюн түшүрөт. Андыктан таратып жаткан жаран мыйзам бузууда. Ал эми анын чын же жалган экени үчүнчү маселе. Мен ал аудиону уга элекмин, бирок бул мыйзамсыз экенин анык,-дейт жактоочу.
Эске сала кетсек, бүгүн БШК тарабынан Бишкек шаар башчысын шайлоо 8-августта өтөөрү белгиленди.
Количество просмотров: 1