• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Албек Ибраимовго жаңы айып коюлду

23 Теке 201810:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018.Govori.TV
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбын угузду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.
Анда Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында тагылды.
Маалыматта «Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мэриянын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышканы аныкталган» -деп жазылат
Эске сала кетсек, 19-июлда мэр Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалган. Ал «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Бул  факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон. Ал эми  Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алынган.
Эске сала кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.
Количество просмотров: 34