• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алдамчылардын ишин иликтөөгө барган блогер сабалды

7 Баш оона 2019 15:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

5-августта Самаркандда ташкенттик 33 жаштагы блогер Отабек Жураев токмоктолду. Ал шаарга шылуундарга 250 миллион сум (28 миң доллар) алдаткан жергиликтүү тургундун кайрылуусу боюнча барган.

Жураевдин айтымында, ал даттанган аялдын үйүнөн чыгып келатканда белгисиз адам аны арматура менен башка чапкан. Эсин жоготкон блогер жыгылып, башы жарылган.

Отабек Жураев бул кол салууну өзүнүн блогердик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат.

«Алардын максаты менин оозумду жабуу болсо керек. Алар менин Самаркандга барарымды кайдан билгени таң калтырып жатат. Алданган аял алгач милиция менен прокуратурага кайрылган, бирок беркилер бул ишти «токтотуп коюу» аракетин көрүп жатышкан. Менимче, аларга менин бул ишти иликтешим жаккан жок окшойт», — деди Жураев.

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгынан блогерге кол салуу фактысы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Бирок мекеме өкүлдөрү тергөө иштеринин чоо-жайы тууралуу айтуудан баш тартышты.

​Отабек Жураев укуктары жана эркиндиктери бузулган жарандардын көйгөйлөрүн чагылдырып жүргөн Өзбекстандагы ондогон блогерлердин бири. Өткөн айда ал YouTube-каналына Сурхандарыя облусунда үйлөрү мыйзамсыз түрттүрүлгөн адамдар менен болгон маегин жарыялаган.

«Жакында президент Шавкат Мирзиёев жарандардын үйлөрүн негизсиз түрттүргөндүгү үчүн аткаминерлерди сынга алган өкмөт жыйынында мен тарткан видеону көрсөтүштү. Азыр Өзбекстанда блогерлерге жакшы көңүл бурулуп жатат, бирок ошол эле маалда алардын коопсуздугу тууралуу эч ким ойлонгон жок», — деди Жураев.

Количество просмотров: 38