• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алдамчылардын торуна түшүп калбаңыз! Жалал-Абад милициясы кайрылуу жолдоду

6 Жалган куран 2024 16:43 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда “Кыргызнефтегаз өлкөнүн бардык тургундары үчүн микроинвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” деген чындыкка дал келбеген жалган маалыматтар тарап жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, андагы маалыматта мыйзамсыз аракеттер менен жарандарды инвестор катары акча каражаттарын салууга үндөп жатышат.

«“Кыргызнефтегаз” ААКна салына турган инвестициялар тууралуу интернет тармагына чыгып жаткан маалыматтар жалган. Алдамчылардын торуна түшүп, аларга ишенип, акча каражаттарын салбаңыздар. Жеңил жол менен табыла турган жалган маалыматка ишенбей, өз каржатыңызга сак болуңуз», — дешип, милициядан ишкана боюнча расмий маалыматтар «Кыргызнефтегаздын» расмий сайтына гана чыгарыларын эскертишти.

Учурда жогорудагы жалган маалыматтарды чектөөгө алуу жана анын уюштуруучуларын жоопкерчиликке тартуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан тешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 126