• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

УКМК: Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

2 Теке 2021 15:27 Бишкек Govori.TV

УКМК тараткан маалымат боюнча, 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн 1994-ж.т. «И.Р.А.» аттуу Россия Федерациясынын жараны кармалды.

Азыркы учурда, КР УКМК кармалган «И.Р.А.» Россия Федерациясынын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалымат катары: «И.Р.А.» Россия Федерациясындагы Алтай аймагынын Барнаул шаарында («Банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык») боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Количество просмотров: 284