• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Алдамчылыкка шек саналып кармалган Нарын шаарынын мэри Болотбеков камактан чыкты

21 Аяк оона 2021 11:29 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шек саналып 18-сентябрда кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков камактан чыкты. Ал 20-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

«Урматтуу достор, баардыгыңыздардын колдооңуздарга абдан ыраазымын жана мага күч берип турат. Ак ийилет, бирок сынбайт деген туура экен»,-деп жазган ал.

Маалым болгондой, Болотбеков эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган. Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан.

Болотбеков мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. Чойбеков бир нече күн мурун депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алган деген арыздын негизинде кармалып, камакка алынган. Атайын кызматтын маалымдашынча Нарындын мэри бул иште чогуу катышкан. Ал Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык «) менен шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 1015