• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарындын мэри Болотбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

28 Аяк оона 202119:09 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Болотбеков отставкага кетүү арызын бүгүн, 28-сентябрда жазган.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармалган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө («Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун») ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон, Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Количество просмотров: 219