• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды

28 Тогуздун айы 2020 18:33 Бишкек Govori.TV

Жабырлануучуга 12 миң долларга батир сатып берем деп убада берип, акчасын алгандан кийин качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү 2019-жылдын июнь айында сатып алуучуга 12 миң долларга үй сатып берем деп убада кылган. Бирок акчаны алгандан кийин качып кеткен. Алданып калган жаран милиция кызматкерлерине кайрылган.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү колго түштү. Алдамчылыкка шектелип 1975-жылы туулган М.Т. аттуу аял киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү адамдан жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлери байланышууга чакырат.

Байланыш номурлары: 0(703) 333-201 же 102 кызматы.

Количество просмотров: 128