Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.
Буга чейин «Эжем экөөбүз Ак үйдүн алдына пикетке чыгабыз. Биздин талаптар аткарылбаса, өз өмүрүбүзгө кол салабыз», -деп каршылык акциясына чыккан Венера Кызалакованын эжеси Ленин районунун прокурорунун орун басарынын иш бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салды.
Эже-сиңдилердин жактоочусунун айтымында, ал колун устара менен кесип ийген.
«Иш болгону жарандык болгонуна карабай, прокурор ага күнө актысын тапшырып жатат»,-деген жактоочу.
Белгилей кетсек, Венера Кызылакованын мурунку жолдошу Бакыт Курулуев турак жай болбогон имаратты анын эжеси Айнурага каттатып, дүкөн ачып алган. Бирок, ажырашуу маалында ал Венера соода түйүндү жолдошунун макулдугу жок өз тууганына документтеги колду жасалмалап каттатып алганын айткан. Кызалаковага карата «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, Кызалакова тергөө бир тараптуу болуп жатканын айтууда.