• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Александр Крестининге өкмөттүк сыйлык ыйгарууну сунушташты

24 Үчтүн айы 2019 11:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге өкмөттүк сыйлык ыйгарууну сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Депутат Бишкектин сыртынан атайын жаңы футбол талаасын куруу үчүн жер бөлүп берүүнү сунуш кылды. Айтымында, объекттин курулушу ички жана сырткы инвесторлордун каражаттарынын эсебинен болушу керек.

«Футболду өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн футболчуларды колдошубуз керек, мисалы футбол академиясын салыктан бошотуу зарыл», -деди ал.

Эске салсак, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенине кайтып келди. Жергиликтүү команда алгачкы жолу тарыхта континенттик чемпионатка катышты. Топтук этапта команда Кытай жана Түштүк Кореянын курамасына жеңилип, Филиппиндердин командасын утуп алган. 1/8 финалында Кыргызстандыктар БАЭ комадасы менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Количество просмотров: 22