• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Али Шабдан: Кыргызстанда сот системасы талкаланып калганына көзүм жетти

27 Бештин айы 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Али Шабдандын баш коргоо чарасы карап, аны 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Сот системасы кандай? деген суроого жооп алдык. Адамдын тагдырын оңой эле чечип коюп жатасыңар. Кыргыз Республикасында сот системасы талкаланып калганына көзүм жетти»,-деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту буга чейин башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Количество просмотров: 51