Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалган саясатчы, активист, блогерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселени карап жатат.
Сот залына деткирилген активист Али Шабдан кыскача комментарий берип, журналисттердин бир нече суроолоруна жооп бериди. Анын айтымында, аларга козголгон кылмыш ишинин токулма экени көрүнүп турат.
Соттун чечими менен жарандык активист Али Шабдан үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине чейин камакта калды.
Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчы, активист кармалган. Учурда алардын көпчүлүгү абакта жатса, айрымдары үй камагына чыккан.