Бүгүн, 10-апрелде эл аралык «Манас» аэропортунда Кытай Эл Республикасынан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Жек Ма» фонддору тарабынан берилди. Жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң доллардан ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, бет каптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди. Мындан тышкары жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.
«Жардам көрсөтүүлөр Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде «Алибаба» жана «Жек Ма» фонддору аркылуу жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин кытайлык миллиардер Жек Манын фонду жана «Alibaba» фонду Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана дагы башка 4 өлкөгө медициналык каражаттарды жөнөтө турганын «Reuters» маалымдаган болчу.