• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Алиев Бишкектеги чогулган таштандыны бир суткада чыгарууну убадалады

15 Жалган куран 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Бишкектеги чогулган таштандыларды бир сутканын ичинде чыгарууну убадалады. Анын комментарий берип жаткан видеосун мэриянын басма сөз кызматы социалдык тармакка жүктөдү.

Муниципалдык ишкананын башчысы акыркы күндөрү борбор калаада чыгарылбай жаткан таштандылар көбөйгөнүн мойнуна алды.

“Акыркы 4 күн ичинде Свердлов районунда жана Биринчи май районунун айрым жерлеринде таштандылар көп чогулган. Буга бир нече фактор себеп болду”, — деди Алиев.

Алиев борбордо өткөн ишембиликтен кийин таштандынын көлөмү кескин көбөйгөндүгүн түшүндүрдү. “Жарандар жалбырак, күл жана башка таштандыларды тазалагандан кийин баштыкка салбай, ошол бойдон таштап коюп жатышат. Буга байланыштуу таштанды контейнерлеринин жанындагы аймакты атайын техниканын жардамы менен тазалоо зарыл болууда. Атайын техниканын жетишсиздигинен убакыт создуктурулуп кетип жатат”, — деди ал.

“Ишембилик – бул жакшы иш. Жарандарга ишембиликке активдүү катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок, ишембиликтен соң бизде жумуш көбөйдү. Эгер буга чейин бир күндө 500 тонна таштанды чыгарылса, ишембиликтен кийин 750 тоннага жакын таштанды чыгарылууда. Чачылган таштандыны чыгаруу үчүн бизге бир апта убакыт керектелет. Жакынкы суткаларда графикке киргенге аракет кылабыз. Жарандардын түшүнүү менен кабыл алуусун суранам. Тазалыктын кызматкерлери 5 күндөн бери күнү-түнү иштеп жатат”, — деп кошумчалады Алиев.

Ал белгилегендей, жаңы атайын техника жакында келет. Учурда алар чек арада турат. Тазалыктын башчысы атайын техниканын келиши менен шаарда таштанды маселеси чечилерине ишендирди.

Количество просмотров: 20