• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Алиев: Пенсия эки этап менен көтөрүлөт

23 Бугу 202414:31 Бишкек Govori.TV

Пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 779 миң пенсионер бар.

«2024-жылдын 1-июлунан тартып пропорционалдуу чектелген пенсиялардын базалык бөлүгүн (III топтогу майыптарды эске албаганда) Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №504 токтому менен бекитилген 3170 сом өлчөмүнө чейин жеткирүү. Биринчи этап 1-июлдан тарта башталып, 3500 сомдон кем пенсия болбойт. Экинчи этапта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулатуу пландалууда. 1-октябрдан баштап 6900 сомдон төмөн пенсия болбойт»,-деп билдирди Алиев.

Количество просмотров: 157