• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алиясбек Алымкулов  кирешесинин тизмесин тапшырган эмес

4 Тогуздун айы 2018 9:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Кече кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалымат бербеген аткаминерлердин тизмелери  чыкты.
Негизинен алганда декларациясын тапшырбаган мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана айылдык кеңештерде иштейт.
Кыргызстанда 1754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-октябрга карата киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.
Анда салык кызматы декларация тапшырбагандардын тизмесин сайтына жарыялады. Булардын арасында Кыргызстандын  Алматыдагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов дагы бар.  Ал 2011-жылдын 2014-жылга чейин эмгек, миграция жана жаштар министри болгон.

Количество просмотров: 31