• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Алимбаев: Чек арагадагы турак жайды өрттөө аракети текшерилип жатат

10 Үчтүн айы 202010:18 Бишкек Govori.TV

Чек арадагы турак жайды өрттөө аракети текшерилип жатат. Бул тууралуу Govori.TVнын «Майдан» көрсөтүүсүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев билдирди.

Баткендин Көк-Таш айылында болгон окуя текшерилип, жеринде иш жүрүп жатат. Ал жерде кыргыз-тажик ортосунда кандайдыр бир чыр же пикир келишпестик болгон жок. Бирок, бул маселе кылдат каралып чыгышы керек, себеби майда нерседен чоң бир көйгөй жаралып кетүүсү мүмкүн. Биз билебиз ал жакта эки өлкө тургундары аябай жыш жайгашкан», — деди Алимбаев.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында жергиликтүү тургундар үйдү өрттөп кетүү фактысын алдын алышкан. Бул тууралуу Facebook тармагынын колдонуучусу Гульжигит Исаков билдирүү жазган.

Маалыматка ылайык, окуя 9-январда болжол менен 3:30дар чамасында катталган.

Количество просмотров: 21