29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Гүлмира Алимова билимдүү айымдардан көп нерсе үйрөнсө боло турганын айтат.
«Менин биле тургандарым өтө көп экен. Бул тренингден да көп нерсе үйрөндүм. Тренерлерибиз аябай билимдүү экен, алардан ала турчу билим көп экен», — дейт ал