Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаиковага издөө жарыяланды.
Буга чейин Шаикова 5-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө келбесе ага издөө жарыяланаарын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген эле.
Эске салсак, УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муун паспортторун даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция факты боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш иштин фигуранттарынын бири — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова.
УКМК Шаикованын жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу жөнөткөн.