• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

Алишер Тоотаев Оштогу филармониянын директору болду

21 Бирдин айы 202310:59 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2023-жылдын 20-февралынан тартып Тоотаев Алишер Теңизбаевич Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору кызматына дайындалды.

Эмгек жамаатка директорду Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Министрдин орун басары жаңы дайындалган жетекчиге ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгиледи.

Ал эми Филармониянын мурдагы жетекчиси Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова эмгек жамааттын катышуусунда сый-урмат менен узатылды. Чыңгыз Эсенгул уулу өз каалоосу менен арызын жазып, жаштарга жол бошоткон жетекчи башкаларга үлгү болгондугун ырастады. Ал мындай кадамды “кызматка келгенди эле эмес, татыктуу кеткенди да ойлонуу керектигинин” далили катары белгилеп, сөзүнүн соңунда Гүлшайыр Садыбакасовага бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, анын тажрыйбасы жана акыл-насааты жаштарга ар убакта керектигине басым жасады.

Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.

Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынан окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинен экономика багытында билим алган.

Алишер Тоотаев Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.

Количество просмотров: 197