Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Айыл чарба министри кызматына Прмемьер-министр сунуштаган Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин 28-май күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп берди.
Чодуев 55 жашта, беш жылдан бери министрдин орун басары кызматын аркалап келет. Ал эми, жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин “иш тажрыйбасы жок” деген негизде артка кайтарышты.
Социалдык тармактарда Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат, Алиярбек Абжалиевдин кудасы деген маалымат тараган. Ал эми, Абжалиев болсо президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.
Айтылган маалыматтарга Эркинбек Чодуев жооп бере элек. Ал эми Абжалиев “Социалдык тармактарда тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт, болгону ушактын деңгээлиндеги сөздөр,Чодуев менен эч кандай жакындыгым жок”- деп билдирди.