• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Алкоголь ичимдиктери коронавирусту жуктуруп алуудан сактабайт

17 Бирдин айы 202014:49 Бишкек Govori.TV

Алкоголь ичимдиктерин ичүү коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алуудан сактабайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Тарик Язаревич билдирген.

“Күчтүү алкаголь ичимдиктерин же алкоголдун башка түрлөрүн ичүү өпкөнү сезгентүүчү вирусун жуктуруп алуудан сактай албайт. Тескерисинче, ичимдикти көп колдонуу алкоголдук ууланууга алып келүү коркунучу бар. Жаңы вирус тууралуу көп нерсе дагы деле билине элек. Ар бир адамдын жуктуруп алуу коркунучу бар. Андан тышкары, улгайып калгандар, диабет жана жүрөк оорусу менен жабыркагандар илдетти бат жуктуруп алуу коркунучуна көп кабыла тургандыгы айтылды”, — деп билдирген ал.

Мындан сырткары, ал тазалыкты сактоо ооруну алдын алууда эң жакшы чара болуп эсептеле турганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 142