• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алмамбет Шыкмаматов: «Назарбаев кыраакы саясатчы катары туура чечим кабыл алды»

20 Жалган куран 2019 12:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин өз эрки менен президенттиктен кеткенин эң туура чечим болгонун билдирди.

Анын айтымында көптөн бери түшпөс хан болду, таза шайлоолордун өтүшүнө тоскоолдук кылды деген сын-пикирлерге чекит коюлду.

Мындан сырткары Казакстанга жаңы президент келгенде да кыргыз-казак мамилеси бекемделип, алака мындан да жакшырат деген үмүттө экендигин кошумчалады.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу KazTAG жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаев республикалык телеканалдардын бирине чыгып элине кайрылган.

“Мен, 20 – марттан баштап президенттик ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым”, — деген Назарбаев.

Нурсултан Назарбаев коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кала берет.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан. Назарбаев беш жолу президенттик шайлоону утуп чыккан. Эмдиги президенттик шайлоо 2020-жылы өтмөк.

Количество просмотров: 21