• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алматы аэропортунда бурятиялык журналист кармалды

3 Жетинин айы 2022 18:20 Бишкек Govori.TV

Алматы аэропортунда бурятиялык журналист Евгения Балтатарова кармалды. Бул тууралуу журналист өзү телеграм-каналына жазып, ага каршы «Орусиянын армиясы жөнүндө жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча эки кылмыш иши козголгонун билдирди.

Балтатарова аны издөөгө алуу тууралуу Тергөө комитетинин Бурятия республикасындагы башкармалыгынын жана сыртынан камакка алуу тууралуу Улан-Уде шаардык сотунун токтомдорунун көчүрмөсүн жарыялады.

Документтерде Балтатарова саясатчы Максим Кацтын Мариупол шаарындагы драмтеатрга бомба ташталганын айыптаган «Твиттердеги» билдирүүсүн бөлүшкөн деп айыпталганы жазылган. Мындан тышкары ага Украианын Буча шаарында жөнөкөй адамдар жапырт өлтүрүлгөнү тууралуу «жалган» маалымат таратуу айыбы тагылган.

Журналисттин айтымында, ал жумушуна байланыштуу Бишкектеги жолугушууга катышуу үчүн учуп кетмек. Бирок аэропортто Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын айтып, полицияга өткөрүп беришкен. Алар Балтатарованын телефонун жана жеке буюмдарын алып, медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн колуна кишен салып алып кетишкен.

«Алар эмнеге менин өлкөдөн чыгышыма тыюу салынганын түшүндүргөн жок. Бир нече убактан кийин кете берсем болорун айтышты. Мен кармоо, тинтүү жана медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу протоколдорду берүүнү талап кылдым. Буюмдарымды алып жатканда кол койдуруп, бул учурду видеого тартышканын айтып, аларды кайра протокол менен гана аларымды айттым. Мени буюм катары каттамдан алып, бир нече саатка эркиндигимди чектеп, шаарда ары-бери алып жүрүштү, билетим күйүп кетти, Бишкектеги жолугушууга катышпай калдым. Эми эч кандай кармоо, тинтүү болбогондой «кете берсеңиз болот» дегени кандай? Мени полиция имаратынан телефонсуз, акчасыз чыгарып коюшту. Мен кире бериштеги бордюрга отуруп алып ыйладым. Полиция кызматкерлери кечирим сурап, мени Орусиянын Тергөө комитетинин токтому менен камакка алууну каалашканын айтышты. Мен аларга Казакстан эгемен өлкө экенин, эмнеге Тергөө комитетинин чечимине баш ийип жатканын сурадым. Алар Минск келишимдерине шилтеме кылышты. Бирок мага карата ал келишим иштебейт, анткени мени саясий негиздер менен куугунтуктап жатышат», – деди Балтатарова.

Анын айтымында, бул сүйлөшүүдөн кийин полиция кызматкерлери ага документтердин бир бөлүгүн алып кетүүсүнө уруксат берген.

Журналист адвокат менен кеңешип, аэропортто кармалганы боюнча доо арыз жазып, кармоо, тинтүү, буюмдары алынган учурлар тартылган видеокөзөмөл камераларындагы тасмаларды жарыялоону талап кылууну пландап жатканын кошумчалады.

Евгения Балтатарова быйыл 30-сентябрда орус армиясы тууралуу «жалган» маалымат таратуу ишинин алкагында Астанада кармалып, кайра бошотулган.

Балтатарова Орусиядан 2022-жылы мартта, укук коргоо органдарынын тинтүүсүнөн кийин чыгып кеткен. 7-октябрда Орусиянын Юстиция министрлиги журналистти «чет элдик агент» деп тапкан.

Буга чейин Казакстандын бийлиги эл аралык издөө жарыяланган орус жарандарын Москвага өткөрүп бере турганын билдирген. Эгер Евгения Балтатарова экстрадицияланса, «Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси менен 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 165