Бишкек.27.09.2018.Govori.TV
Тышкы иштер министрлиги Алматы-Бишкек трассасынын 132-чакырымында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 25-август күнү “Тойота Камри 30” менен “Тойота Ист” унаалары сүзүшүп, жаракат алган 25 жана 18 жаштагы эки кыргызстандык Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилген.
«Казакстандын Алматы облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, 26-августтун кечинде 25 жаштагы жигит кырсык учурунда алган оор жаракатын көтөрө албай каза болду. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу жана полиция департаменти маркумдун жакындарына керек болгон жардамды көрсөтүүдө. Учурда кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатат. Кырсык боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.