• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алматыда активист 40 суткага камалды

19 Бирдин айы 2024 9:19 Бишкек Govori.TV

Алматыда сот каракалпакстандык активист Акылбек Муратбайды (Муратов) 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Власть» басылмасы анын карындашы Фариза Нарбековага шилтеме кылып кабарлады.

Нарбекова сот отуруму адвокаттын катышуусусуз өткөнүн билдирди. Ал агасы убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына жекшемби күнү эле которулган болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Муратбай 15-февраль күнү кечинде кармалган. Башкы кеңсеси Вена шаарында жайгашкан Freedom for Eurasia укук коргоо уюму активист өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармалып, бул операцияга Өзбекстан Ички иштер министрлигинин кызматкери Мухамедин Баймурзаев да катышканын билдирген.

Өзбек бийлиги активистти «Коомдук тартип менен коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо жана жайылтуу», ошондой эле «Конституциялык түзүлүшкө кол салуу» беренелери боюнча айыптап жатат. Активист бул айыптоолорду четке кагууда.

Муратбай Өзбекстандын жараны. Ал он жылдан ашуун Казакстанда жашап, каракалпак активисттеринин укуктарын коргоп, расмий Ташкентти сындап келген. Активист бул өлкөдөгү каракалпак диаспорасынын башчыларынын бири катары да белгилүү.

Буга чейин Алматы шаардык полиция департаменти өлкөнүн Башкы прокуратурасы аны Өзбекстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирген.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөп, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен.

Количество просмотров: 48