• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алматыда блогер бийликти журналист Махамбет Абжанды бошотууга үндөдү

9 Баш оона 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Алматыда жергиликтүү блогер Нурали Айтеленов соңку бир нече күндөн бери журналист Махамбет Абжанды бошотууну талап кылып, жалгыз пикетке чыгууда.

Шейшемби күнү да Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин Алматыдагы департаментинин алдында пикет өткөргөн блогер колуна “Блогер жана журналист Махамбет Абжанга боштондук” деген жазуусу бар плактты кармап турду.

Адам укуктары боюнча бюронун кабарлашынча, Айтеленов таңдан тарта эки саат бою антикоррупциялык департаменттин иматарына алдында туруп, соцтармактар аркылуу түз эфирге чыгып турду. Ал пикет өткөрүү үчүн акимчиликтен уруксат алган.

Июнь айынын башында Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Махамбет Абжан бир ишкерден кадыр-баркына доо кетирген маалыматты ЖМКларда жарыялоо опузасы менен 50 млн теңге (180 миң доллар) опузалап алууга шектелип жатканын кабарлаган.

Абжан айыптоолорду четке каккан. Журналисттин жана анын апасын үйүндө тинтүү жүргөн.

Кармалардан мурун Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган. Криптавалюта майнинги боюнча да кеп болгон. Материал жарык көргөндөн кийин журналист Телеграм-каналына өзүн каралаган маалыматтар чыгып жатканын жазган.

Махамбет Абжандын Телеграм-каналында 20 миңден ашуун катталуучусу бар.

Количество просмотров: 97