• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алматыда «Нурсултандын кылмыштары» деген акцияга катышкан ондон ашык киши кармалды

6 Теке 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

6-июлда Алматыда каттоодон өтпөгөн «Демократиялык партиянын» митингге чыккан тарапташтары кармалды.

Түшкө жакын ондон ашык киши Алматыдагы Абайдын эстелигинин алдына чогулган. Алар колдоруна «Жаңы-Өзөн 2011, Январь 2022», «казак тили», «сот, полиция, прокуратура», «экономика», «илим», «билим берүү», «медицина», Заманбек Нукадилов», «Алтынбек Сарсенбайулы», «Арон Атабек», «Дулат Агадил», «Жанболат Мамайга боштондук!» деген жазууларды кармап чыгышкан.

Акция катышуучулары булардын баарын «Назарбаевдин кылмыштары» деп атап, Нурсултан Назарбаевди соттоону талап кылышты.

– Арон Атабекти түрмөдө 15 жыл кармагандан кийин өлтүрдү. Дулат Агадилди өлтүрдү. Жаңы-Өзөндө, январда ок атты. Казактарды өлтүрдү. Бирок бул кылмыштардын бирөөнө да жооп берген жок. Ал жооп бериши керек», – деди «Демократиялык партиянын» камактагы лидери Жанболат Мамайдын жубайы Инга Иманбай.

Акция башталгандан он мүнөт өткөндөн кийин акимчиликтин өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери келип, чогулгандардан тарап кетүүнү талап кылышты. Бирок митинг катышуучулары баш тарткандан кийин аларды кармап, полиция бөлүмүнө алып кетишти.

Күн мурун «Демократиялык партия» 6-июлда «Нурсултандын кылмыштары» деп аталган митинг өтөрүн билдирген. Активисттер тынч акциянын катышуучулары Абайдын Алматыдагы эстелигинин алдына чогулуп, «Назарбаев камалсын!» деп кыйкыра тургандыктарын айтышкан. Алар мындай жол менен «диктатордун» туулган күнүн «белгилөөнү» пландашкан.

6-июлда Казакстанда Нур-Султан шаарынын күнү белгиленет. Бул майрам өлкөнү 30 жыл башкарган мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү менен дал келет.

Количество просмотров: 250