• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алматы-Бишкек жолунда кырсыктаган минивендин айдоочусу каза тапты

27 Бирдин айы 2018 12:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.02.2018.Govori.TV.
Алматы — Бишкек жолунда минивэн айдап баратып кырсыктаган кыргызстандык айдоочу ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
«Айдоочу кечээ саат 23.30да каза болду. Бүгүн биздин консул моргго жөнөп кетти. Тийиштүү документтер топтолгондон кийин маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт», — деп ТИМден маалымдашты.
Буга чейин дипломаттар жүк-200дү каттап, эки аялдын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүшкөн.
Жол кырсыгы 26-февраль күнү эртең менен Алматы облусундагы Таргай айылынын аймагында болгон.
Кыргызстандыктар түшкөн унаа Бишкекке келе жатып автобус менен кагышкан. Айдоочудан сырткары, машинада дагы алты адам болгон. Кырсыктын кесепетинен эки аял мерт болуп, калгандары түрдүү жаракаттарды алышкан. Рулду башкарып бара жаткан 38 жаштагы П.Ж. аттуу айдоочу оор жаракат алып, ооруканага түшкөн.
Количество просмотров: 29