Бишкек. 22.06.2019.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанына анын тарапташтары чогулууда.
Маалыматтарга караганда алар мурдагы мамлекет башчысын камап коюшу мүмкүн деген маалыматты угушуп колдоо максатында келишкен.
Бирок абал боюнча КСДПдан расмий маалымат жок.
Буга чейин, КСДП экс-президентти колдоо боюнча митинг өткөрүү планы жок экендигин билдиришкен. Маалыматты партиянын расмий өкүлү Курдуз Жолдубаева да тактаган.