Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Кошумчалай кетсек, 45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болгон.