• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмаз уулу: Жээнбеков бүгүн ыктыярчылардын айткандарын угуп аябай таң калды

21 Теке 2020 16:48 Бишкек Govori.TV

Жаштар демилге борборунун өкүлү Аскар Алмаз уулу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугуу кандай өткөндүгү тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. Анын айтымында, жарандык активисттер Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын ишин сынга алышкан.

Аскар Алмаз уулу өлкөдөгү оор кырдаал тууралуу сөз баштап, эмне үчүн мындай болуп жаткандыгын жана ага кимдер күнөөлүү экендигин айткан.

«Менин оюмча, президенттик аппараттагы айрым адамдардын жоопкерсиздиги жана жөндөмсүздүгүнөн улам, мамлекет башчысы өлкөдө болуп жаткан көптөгөн окуялардан кабардар болгон жок. Мен президенттик администрациянын айрым аракеттеринен улам Кыргызстандагы адамдар агрессивдүү болуп кетти деп айттым», — дейт Аскар Алмаз уулу.

«Сооронбай Жээнбеков бүгүн ыктыярчылардын айткандарын угуп аябай таң калды», — деди Алмаз уулу

Ыктыярчы Сооронбай Жээнбековго келечектеги эпидемиологдорго жана жугуштуу оорулар боюнча адистерге окуу жайларындагы квотаны кеңейтүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, президент дароо билим берүү министрине бул маселени чечүүнү тапшырган.

Аскар Алмаз уулу жолугушуу жакшы өткөндүгүн жана мерчемделген убакыттан узакка созулуп кеткендигин кошумчалады. Убакытка чектөө коюлган жок, бардыгы ачык-айрым жана кенен сүйлөшө алышты.

Эске сала кетсек, бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус жана жугуштуу пневмония менен күрөшүүдө дарыгерлерге жардам берген ыктыярдуу кыймылдын активисттери менен жолугушту.

Кечээ белгилүү болгондой, айрым активисттер мамлекет башчысы менен жолугушуудан баш тартышкан.

«Бирге» ыктыярчылар бирикмесинин жетекчиси Айдана Оторбаева кечээ, алар саясаттан алыс экендигин жазып чыккан.

«Бирге» ыктыярчылар биримдигинин жетекчиси катары жана бардык мүчөлөрдүн атынан айтсам, эртеңки жолугушууга бизден эч ким барбайт. Биз таптакыр эле саясаттан алыспыз. Биз кандай гана болбосун саясат менен байланышууну каалабайбыз» , — дейт ал.

Количество просмотров: 4963