Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун кармалышы тууралуу үн катты
Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун кармалышы тууралуу үн катты
20 Теке 20189:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
«Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштериндеги чындыкты жана мыйзамды тоготпоону көрүп туруп, мен Албек Ибраимовго карата тергөө калыс болоруна ишенбейм» -деп билдирди экс-президет Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэринин камакка алынышына түшүндүрмө берип жатып. Бул туурасында КСДПнын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматта «Албек Ибраимовду «Дастан» ТУКка көп миллиондуу кирешени, ал эми мамлекетке — ишкананын тарыхында алгачкы жолу дивиденд алып келгени үчүн айыптап жатышканын дегеле түшүнүп болбойт» — деп жазылат.
Белгилей кетсек, Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары 19-июлда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгына жеткирилген.
Ал эми УКМКнын маалыматына караганда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шек саналууда.
Эске салсак, 3-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.