• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Алмазбек Атамбаев кайрадан соттук отурумдан чыгарылды

20 Чын куран 2022 15:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш иши каралып жаткан учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан соттук отурумдан чыгарылды.

Атамбаев сотко алынып келинген, бирок ал ден соолугу сотко катышууга мүмкүнчүлүк бербей жаткнын айтты.

«Азыр мени тез жардам менен алып келишет кайра алып кетишет. Таарынбагыла, мен сот процессине катыша албайм. Батукаевдин иши боюнча сот өкүмү чыккан. Менин катышуумсуз эле 11 жыл беришти», — деди Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин Атамбаевди сотко мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин судья М.Термечиков чыгарган.

Өткөн жылдын 15-сентябрында 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу Атамбаевге карата «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

Количество просмотров: 117