• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан дүйнөлүк саясатта өз алдынча чечим чыгара алат»

26 Тогуздун айы 2018 16:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.

Кыргызстан анча чоң эмес өлкө болгону менен дүйнөлүк саясатта өз алдынча жооптуу чечимдерди кабыл ала аларын далилденди. Бул тууралуу мурунку президент   Алмазбек Атамбаев  Москва шаарында өтүп жаткан Азия өлкөлөрүнүн саясий партияларынын Эл аралык конференциясынын Х Башкы ассамблеясына айткан.

Экс-президент өз сөзүндө учурдагы дүйнөлүк саясий абал, коопсуздук сыяктуу маселелер тууралуу пикир билдирди.

“Биздин партия ар дайым өз программаларында негизги максатыбыз өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин көрсөтүп келген. Кыргызстан анча чоң эмес өлкө болгону менен дүйнөлүк саясатта өз алдынча жооптуу чечимдерди кабыл ала аларын далилдеди. Ошол эле учурда дүйнөнүн баардык мамлекеттери менен, биринчи кезекте коңшу өлкөлөр менен достук алаканы бекемдөө, коомдогу тынчтыкты сактоо негизги максат болду», — деди.

Аталган иш-чарага азиялык, африкалык жана латын америкалык алдыңкы партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү катышат. Алар эл аралык курч кырдаалды, экстремизм менен күрөшүү жана партиялар аралык кызматташтык маселелерин талкууга алуу үчүн чогулушкан. Муну менен бирге мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө маселелери да талкууланууда.

Количество просмотров: 22